super.kg logo

"Бишкекке көчүп келип, билим алсак дешет...". Жол кырсыгынан каза болгон "Дүйнө сулуусу-2018" наамынын ээси Сания Шакированын балдарынын учурдагы жашоосу

 

Мындан 3 жыл мурда "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Анын артында 2 кыз, 1 уулу калган. Таенесинин колунда тарбияланып жаткан балдардын бүгүнкү күндөгү жашоосу жана алардын кыялдары тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирүү жасады.

Айтымында, кырсыкка күнөөлүү жаран 4 жылга жатак абакка камалып, жабырлануучу тарапка 400 миң сом төлөөгө милдеттендирилген. Бүгүнкү күндө күнөөлүү тарап 285 миң сомду төлөгөн, дагы 115 миң сому калган. Ассоль айым бул каражат балдардын жан дүйнөсүндөгү жараатын айыктырбай турганын айтат.

"Сания каза болгондон тарта анын балдарына билим алуу жаатынан, башка жактан да колдоо көрсөтүп келем. Менимче, курбулар дал ушундай иштерди жасаш керек. Балдардын ийгиликтерине дайыма кубанам.

Саниянын экинчи кызы Камила жакында эле кондитердик курсту аяктап, үйдөн ар кандай токочторду жасап жатат. Ал эми улуу кызы Алия IT технолог адистиги боюнча билим алайын деп турат. Бул жагынан америкалык академия менен сүйлөшүүгө мүмкүн болду. Алия мектепте лидер, "Жаңы муун" кыймылын түзүп, жетим балдарга жардам берип келет. Алар таттууларды жасап, аны сатып, түшкөн каражатты Сосновкадагы балдар үйүнө беришти.

Ал эми Саниянын баласы Ренат түнт, спортко кызыгат. Бирок аны алып барып, алып келгенге киши жок. Сабактарын аткарат, колунан телефонун түшүрбөйт, интернет аркылуу өзүн сооротот. Бир жолу таенесине барып "эгер сиз каза болуп калсаңыз бизди балдар үйүнө берип коюшабы?" деп сурап, ыйлаптыр. Кыязы, жоготуп алуу коркунучу дагы деле жүрөгүн өйүтөт окшойт. Кимде мүмкүнчүлүк болсо Ренатка гантел, машыгуучу шаймандарды берсе кубанып калмак.

Балдар дагы деле Кара-Балта шаарында жашайт. Бишкекке көчүп келип, борбор калаадагы билим берүүчү жайларда окусак деп кыялданышат. Бирок күнөөлүү тараптын берген акчасына үй сатып алууга мүмкүн эмес", - деп айтылат билдирүүдө.
Маркум Сания Шакированын улуу кызы Алия жакында 15 жашка чыгат, экинчи кызы Камила 13 жашта, ал эми баласы Ренат 9 жашта.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылдын 2-июнунда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген.

Ошол эле жылы 13-сентябрда "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде сот отуруму болгон. Анда соттун чечими менен айдоочу 10 жылга жатак абакка кесилип, маркумдун жакындарына 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

2019-жылы Ысык-Көл облустук соту жаңы кодекс боюнча Сания Шакированын өлүмүнө себепкер болгон айдоочунун жазасын 5 жылга кыскарткан. Ошондой эле келтирилген моралдык зыяндын суммасы 400 миң сом болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
20.01.2021. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла таалаам балдарына сабр берсин. Омурлору узун, бактылуу болушсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: