super.kg logo

Орусиялык ишкер анын Бишкектеги дүкөндөр тармагынын кампасын белгисиз жарандар басып алганын айтып чыкты. Буга Башкы прокуратуранын жообу

 

Орусиялык ишкер Василий Щербина Бишкектеги өзүнө таандык болгон "Спекулянт" дүкөндөр тармагын белгисиз жарандар келип басып алгандыгын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, 2021-жылдын 13-январында ал Орусияда жүргөн мезгилде кызматкерлери ага телефон чалып, белгисиз адамдардын тобу кампага кирип келип, жумушчуларга видеого тартууга тыюу салып, көчөгө чыгарып салышкан.

Ошондой эле анын билдирүүсүндө, кызматкерлердин бири милиция кызматкерлерин чакырууга үлгүргөндүгүн, бирок эч ким келбегендиги кабарланган. Кампага кирип келгендер өздөрүн Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырышкан. Ошол эле учурда ал Кыргыз өлкөсүнө келүүдөн коркуп жаткандыгын жазган.

Бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылганыбызда, ведомстволор аралык тергөө тобу мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктү калкка сатуунун коррупциялык схемасын аныктап, токтотконун билдирди.

"Тергөө тарабынан Бишкек шаарынын "С" жана "Н" коммерциялык компанияларынын жетекчилери жана кызматкерлери айрым мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен биргеликте алдын ала сүйлөшүү жолу менен укук коргоо жана фискалдык органдардын айрым кызмат адамдарынын колдоосуна таянып жарамдуулугунун мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш продуктуларын өлкө аймагына алып кирүүгө туруктуу коррупциялык байланыш уюштургандыгы жана жарактуулук мөөнөтүнүн этикеткаларын жасалмалоо жолу менен соода тармактар аркылуу калкка жайылтышкандыгы аныкталган.

Тинтүү жүргүзүү учурунда коммерциялык компаниялардын офистеринде жана кампа жайларында мөөнөтү өтүп кеткен ири көлөмдөгү продукциялар табылган, ошондой эле товарлардын жарактуулук мөөнөтүн даярдоо боюнча жабдуулар жана алар менен бирге жасалма этикеткалар табылган", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Бул боюнча эки жооптуу кызматкер кармалып Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
20.01.2021. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Болот экен го иштесе
20.01.2021. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не сахар кылдыбы баарынарды
20.01.2021. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрулан алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: