super.kg logo

Белгилүү жазуучу Пауло Коэлонун "Алхимик" романы кыргыз тилине которулду

 

Бразилиялык жазуучу Пауло Коэльонун белгилүү "Алхимик" романы кыргыз тилинде жарык көрдү.

Бул тууралуу бугүн, 20-январда "Кабар" агенттигинде маалымат жыйын өттү. Романды кыргызчалаган журналист Болотбек Жумабаевдин айтымында, "Алхимикти" орус тилинен кыргыз тилине которууга 1 жылдык эмгек кеткен.

"Роман дүйнөнүн бардык жеринде окулуп келет. Анан кыргыз окурмандарын "Алхимик" чыгармасын окубай калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коюу туура эмес. Китепти чыгарууда юридикалык нормаларды эске алганда 1 жыл убакыт кетти. Кыргызстандын туусунун авторлорунун бири, сүрөтчү Бек Жайчыбеков китепти жасалгалады. Кыргызча которгон чыгармам китеп дүкөндөрүнө таратылат. Ал эми аймактарга бекер берилет", - деди ал.

Жумабаевдин пикиринде, "Алхимик" чыгармасында адам жашоодо өзүнүн жолун таап, алдыдагы бардык тоскоолдуктарды жеңиши керек, ошол эле учурда өзүн жоготуп койбошу керектиги камтылган.

Котормочу алдыда согуш, фрондго байланыштуу чыгармаларды кыргыз тилине которууну пландап жатканын кошумчалады.

Жазуучусу Акбар Рыскулов кыргызчаланган "Алхимик" романы 2 миң нускада чыкканын белгиледи.

"Бул роман биздин адабият жана маданияттагы үмүттөрдүн аткарылышы десек болот. 19-кылымда Пушкин, Достоевский, Толстойлордун убагында "кантип жазуу керек" деген учур болсо, азыр 21-кылымда "окулбай жатат" деген маал келди. Бул жөн жерден айтылган жок. Бирок муун өзгөрүп, биз окуп, жазуучулар "кантип жазабыз" деген заман келет деп үмүттөнөбүз",- дейт Рыскулов.

Акын Тынчтыкбек Нурманбетов котормочулук өнөр алда канча кыйын өнөрлөрдүн бири экенин эске салды.

"Котормо деген котормо, май куюп турат маторго дегендей бул өнөрдүн өнөрү. Котормо жаатында дүйнө элдеринин чыгармаларын кыргызча которгон чыгармалар көп. А. Осмонов "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасын которгондо ал өзүнүн чыгармасындай кыргызчалаган. Болотбек дагы белгилүү "Алхимик" чыгарманы кыргыз окурмандарына сунду. Дагы дүйнөлүк классиктердин чыгармасын которууну суранат элем", - деди акын.

Болотбек Жумабаев буга чейин белорустун залкар жазуучусу Василь Быковдун согуш темасына арналган айтылуу "Туманда" повестин, орустун жазуучусу Василий Песковдун "Согуш жана адамдар" сериясын кыргызчалаган.

Белгилей кетсек, Пауло Коэльонун "Алхимик" романы дүйнөдө 85 миллион нуска менен сатылып, көзү тирүү авторлордун дүйнөдө эң көп тилге которулган чыгармасы катары Гиннестин рекорддор китебине киргизилген. Ал жалпысынан 83 тилге которулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
21.01.2021. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн жакшы жанылык, сонун чыгарма !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: