"Жабырлануучулар гана эмес, күбөлөр да арыздана алышат". Үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды
Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча" мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Депутат Исхак Пирматов демилгелеген долбоорго ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жабырлануучулар гана эмес, күбөлөр да даттана алышат жана күнөөлүүлөрдүн жазасы күчөтүлөт.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко баяндама жасап, аталган мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.
"Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу жакында эле резонанстуу окуяларга күбө болдук. Учурда үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны күндөн күнгө өсүп жатат. Коомчулуктун, депутаттардын пикирлерин эске алуу менен кесиптешибиз Исхак Пирматов ушул мыйзам долбоорун сунуш кылган. Биздин комитет бул сунушту колдоп, өзгөртүүсүз экинчи окууга алып чыгууну туура көрдү.
ИИМдин өткөн жыл ичиндеги статистикасына таянсак, зомбулук боюнча 9 миң 25 факт катталып, анын 944ү гана сотко чейин жеткен. Анткени зомбулукка кабылган аялдар туугандарынын басымы алдында тосмо арыз жазып берип жатышат", - деди Никитенко.
Жыйынтыгында добуш берүүгө катышкан депутаттар мыйзам долбоорун 1 добуштан колдошту.

