super.kg logo

Артём Новиков: "Товарларды ташууда салык жана бажы кызматтарын автоматташтыруу иши аягына чыгарылат"

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды ташып өткөрүүдө контрабандалык схемаларды четтетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Артём Новиков өткөрүлгөн кеңеш учурунда товарларды ташууда салык жана бажы кызматтарын автоматташтыруу иши аягына чыгарыларын баса белгиледи.

"Түндүк" мамлекеттик ишканасы өткөрүү пункттарындагы бардык процесстерди маалыматтык коштоону камсыздоо үстүндө иш алып барууда. Ситуациялык борбор ачылып, күнүмдүк товар ташуу эсебинин электрондук маалыматтар базасы уюшулган. Бирок бул компоненттер өз-ара байланышта эместигин билдирди. Келип түшкөн бардык маалыматтарды анын ичинде автотранспорт каражаттарынын номурун таануу, бажы, салык жана чек ара кызматтарын көзөмөлдөө тутуму, "Бетомонд" тутуму, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган видеокамералар, товарлардын кыймыл маршрутун жана кампаларда жайгашуусун көзөмөлдөөчү тутум, башка мамлекеттер менен маалымат алмашуу тутумун өзүнө камтыган маалыматтардын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Натыйжада товардын бардык кыймыл процессин мониторингдөө интеграциялашат. Товарларды ташуудагы коррупциялык схемалар жоюлуп, салык жана бажы кызматтарын автоматташтыруу процесси аягына чыгарылат", - деди Артём Новиков.

Новиков ушул айдын соңуна чейин чектеш аймактардагы Эркечтам, Торугарт жана Достук үч өткөрүү пунктун, ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликтин чегиндеги бардык өткөрүү пункттарын тутумга кошууну тапшырды.

"Түндүк" мамлекеттик ишканасы эки ай аралыгында маалыматтык тутумга аналитикалык платформаны жана эсепке алынбаган жүктөрдү аныктоо тобокелдиги тутумун кошуу менен бирге толуктап иштеп чыгууну камсыздоосун тапшыргандыгы тууралуу жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: