Ош шаарындагы 3 шайлоо тилкесинде добуштар кайра саналат. Депутат мигранттардын Орусияга кетүүчү жол акысын төлөп берүүнү сунуштады. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде
Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында Ош шаарынын №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө каралды.
Буга чейин президенттикке талапкер Курсан Асановдун арызы боюнча БШК мүчөлөрүнө 3 шайлоо тилкеси боюнча добуштарды кайра саноону аталган комиссиянын жумушчу тобу сунуштап жатканы маалымдалган.
Жыйында добуш берүү жашыруун өтүүсү керек. "Эгер кайра саноодо талапкер айткан добуштар аныкталбай калса, ким жоопкерчилигин тартат?",- деген суроо коюлду.
Буга карата Абдыжапар Бекматов: "Биринчиден, бул маселе боюнча биздин системдин тактыгын, аныктыгын көрсөтүү керек. Арыз берүүчүнүн жоопкерчилиги ал экинчи маселе. Алар өзү добуштардын жашыруундугу боюнча мыйзамды бузуп жатат. Бирок бул кийинки маселе", - деди.
БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев: "Биз азыр добуштарды саноого жол берсек, башкалар дагы ушундай арыздар менен кайрылышы мүмкүн", - деген пикирин билдирди.
Ал эми БШКнын башка мүчөсү Гүлнара Журабаева: "Биз, тескерисинче, кайра добуш саноо боюнча сунушту кабыл алсак, систем туура иштеп жатканын жана добуштарды саноодо махинациялар жасалбай турганын көрсөтө алабыз", - деген оюн айтты.
Ошентип Курсан Асановдун арызы боюнча БШКнын жумушчу тобунун сунушталган чечиминин долбоору добушка коюлуп, анда БШКнын 11 мүчөсү макул, 1 мүчөсү каршы деген добушун берди.
Жыйынтыгында Ош шаарындагы №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелери боюнча добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынды.
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жакынкы арада шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана турганын билдирген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өткөн.
Парламентте Дамирбек Назаров Жогорку Соттун судьясы болуп шайланды
Бүгүн, 20-январда парламентте Дамирбек Назаров Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлиги каралды. Анын талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов парламентке сунуштаган.
Депутат Дастан Бекешев судьялыкка талапкерге декларациясы тууралуу суроо берди.
Дамирбек Назаров жылына 400-450 миң сом киреше таба турганын айтты.
Жыйынтыгында 92 депутат Назаровдун талапкерлигин колдосо, 1 депутат каршы болду. Көпчүлүктүн добушу менен Дамирбек Назаров Жогорку Соттун судьясы болуп шайланып, Жогорку Кеңеште ант берди.
Депутат мигранттардын Орусияга кетүүчү жол акысын төлөп берүүнү сунуштады
Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров мигранттардын Орусияга кетүүчү жол акысын төлөп берүүнү сунуштады.
Ал билдиргендей, Кыргыз өлкөсүндө пандемиянын кесепетинен 500 миңге жакын адам жумушсуз калган. Анын айтымында, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Орусиядагы бош жумуш орундарынын тизмесин жарыялаган.
Бүгүн, 20-январда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков коронавирус инфекциясынын биринчи толкуну маалында мамлекеттик, муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын жасаган иштеринин эффективдүүлүгүн, ошондой эле финансылык, гранттык каражаттарды, гуманитардык жардамдарды рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын маалыматтын укту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта жумушчу комиссия мүчөлөрү тарабынан өлкөгө келген медициналык, гуманитардык жардамды кабыл алуу жана эсепке алуу боюнча ачык-айкын жана так системдин болбогондугу тууралуу тыянак чыгарылганы айтылат.
"Өлкөгө берилген жардам тууралуу маалымат менен ооруканаларга түшкөн жардам тууралуу маалымат экөөнүн ортосунда айырмачылыктар чыккан фактылар аныкталган. Мындан тышкары пандемияда, багыты өзгөртүлгөн ооруканалар жана "Семетей" госпиталына жумшалган финансылык каражаттар боюнча мамлекеттик органдар тарабынан толук кандуу отчёт берилген эмес. Жыйындын соңунда ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан берилген фактыларды талкуулоо үчүн өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кароосуна жана коомго жарыялоо боюнча сунуш киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине комиссия тарабынан жүргүзүлгөн анализдин жана сунуштамалардын негизинде саламаттыкты сактоо системиндеги кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын планын даярдап чыгуу тапшырмасы берилгени маалымдалат.
Белгилей кетүүчү нерсе, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер менен көз карандысыз эксперттер кирген.





1 |