super.kg logo
  Спорт  

Александр Поветкин Владимир Кличкодон жеңилди

 
Беттеште эң көп орун алган көрүнүш. Кличко сокку узатат, тийбесе Поветкинди соктурбай кучактап калат.
Александр Поветкин бул беттештен кийин өзүнө бир топ сабак алды көрүнөт. Анткени мындан 4-5 жыл мурда эле Кличко менен беттешем деп жүргөн. Эгер беттеш ошол учурларда орун алганда Поветкин мындан да алсыз болмок.
Поветкин Кличконун сол колу менен узаткан соккуларына каршы эч нерсе ойлоп таба алган жок.
Поветкин Кличконун сол колу менен узаткан соккуларына каршы эч нерсе
Владимир Кличко бул курларын жакынкы арада эч кимге бербейт көрүнөт
Поветкинге күйөрмандык кылып келген шыргый менен секирүү боюнча Дүйнө чемпиону Елена Исинбаева
Поветкиндин Кличкого узаткан соккулары көздөгөн жерине жетпей убара тартууда
Кличко менен беттешкен боксчулар анын соккусунун күчтүүлүгүн айтып келет. Поветкин аны иш жүзүндө көрдү
Кличко менен беттешкен боксчулар анын соккусунун күчтүүлүгүн айтып келет. Поветкин аны иш жүзүндө көрдү
Кличко менен беттешкен боксчулар анын соккусунун күчтүүлүгүн айтып келет. Поветкин аны иш жүзүндө көрдү
Кличко менен беттешкен боксчулар анын соккусунун күчтүүлүгүн айтып келет. Поветкин аны иш жүзүндө көрдү
Кличко менен беттешкен боксчулар анын соккусунун күчтүүлүгүн айтып келет. Поветкин аны иш жүзүндө көрдү
Кличко менен беттешкен боксчулар анын соккусунун күчтүүлүгүн айтып келет. Поветкин аны иш жүзүндө көрдү
Кличко менен беттешкен боксчулар анын соккусунун күчтүүлүгүн айтып келет. Поветкин аны иш жүзүндө көрдү
Кличко менен беттешкен боксчулар анын соккусунун күчтүүлүгүн айтып келет. Поветкин аны иш жүзүндө көрдү
Владимир Кличко өзүнүн мыкты спорттук калыбында экенин көрсөттү

5-октябрь күнү Москвадагы “Олимпийский” стадионунда бокс боюнча быйылкы жылдагы эң ири беттеш орун алды. Учурдагы супер оор салмакта теңдешсиз болуп келе жаткан украиналык Владимир Кличко менен буга чейин жеңилүү ызасын тарта элек орусиялык Александр Поветкин беттешти. Беттеш 12 раундга созулуп, жыйынтыгында калыстардын бирдей чечими менен (119:104 упай менен) Владимир Кличко жеңүүчү аталды. Ал эми Александр Поветкинге Кыргызстандагы машыгуусу да жардам бере алган жок. Айрым кыргызстандыктар Александр Поветкинди Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусуна улутчул мүнөздөгү жазуусу бар футболка менен киргенинен улам жек көрүп калганы бар. Айрымдар ал жазуу эч кандай улутчулдукту билгизбейт деп айтышкан. Бирок Кличко менен беттешер алдында Поветкин “Биз аталардан калган жерде жашайбыз” деген улутчулдук маанайдагы саптарды ичине камтыган ыр менен рингге чыкты.  

Ал эми беттештин өзүнө келсек, таймаш толугу менен Владимир Кличконун көзөмөлүндө болду. Кличко беттешти өтө этияттык менен жүргүзүп, сокку узатып, тийбей калса Поветкинди чаптырбай кучактап кармап калып жатты. Кличконун бул жоругу орусиялык күйөрмандардын кыжырын келтирди. Ошентсе да Владимир Кличко беттеште өзү каалаган жыйынтыкка жетти. Таймашка чейин Кличко: “Поветкин күчтүү мушкер, бирок бул беттешти мен мөөнөтүнөн мурда бүтүрүшүм керек”,- деп айткан. Беттештен кийин болсо: “Бул беттеш мен үчүн оңой болгон жок. Поветкинге бир нече жолу катуу соккуларды узатсам да туруштук берди. Поветкин эр жүрөк экенин көрсөттү”,- деди. Ал эми Поветкин: “Менин беттешке болгон планым ишке ашпай калды. Баары мен ойлогондон башкача болуп кетти”,- деп жеңилүүсүн моюнга алды.            






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
07.10.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рас кана болду женилип!
07.10.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Влад, сен чыныгы боксер экенинди далилдедин
07.10.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыс бололу! Оз жеринде «биз аталардан калган жерде жашайбыз» деген ураан менен чыккандын эч жаман жери жок. Бул Поветкиндин патриот экендигин белгилейт.
07.10.2013. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан тиреш бул беттешке да таасир этпей койгон жок. Зал толугу менен Поветкинге жан тартып, Кличко аны кучактап калган сайын кыжырданып жатты. Чынында Кличколордун ар бир ири жеңишинде Орусия озүнүн спортчусу жеңгендей кубанчу эмес беле?
08.10.2013. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээх Поветкин Поветкин женилбеске айлан канча эле анан! Бул деген Кличко кыргыздын баласы
10.10.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин кошунам деп албадынызда
22.10.2013. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Klichko azamat!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: