super.kg logo

Өкмөттө бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

 

Өкмөттө бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда кытай тарап менен биринчи этапта Эркеч-Там өткөрүү пунктунда өткөрүлүүчү жүк ташуучу унаалардын санын 30га чейин жана Торугарт өткөрүү пунктунда 15 автоунаага чейин жогорулатуу үчүн тийиштүү инфраструктураны даярдоону жыйынтыктоо боюнча консультацияларды тездетүү тапшырылды.

"Биз өлкөгө товарларды ташуу көлөмүн жогорулатуу максатындагы бажы инфраструктурасын куруу жана жабдуу ишинин токтоп туруусуна көз жума албайбыз. Бир жарым ай мурда жүк ташуулардын көлөмүнүн төмөндөө себептерин караганыбызда инфраструктураны өркүндөтүү, дезинфекциялык барьерлерди, товарларды крандар менен жүктөө аянтчаларын куруу, товарларды толук кандуу эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу анын ичинде атайы бажы-логистикалык аймактарды, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилген", - деп белгиледи премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Өкмөткө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев белгилегендей, Бажы-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча келишимдерди түзүү жыйынтык баскычта тургандыгын жана жакынкы учурда тийиштүү долбоорлор ишке киргизилерин билдирди.

Мындан тышкары, өкмөткө караштуу мамлекеттик бажы кызматын 2021-2023-жылдары өнүктүрүү боюнча планды даярдоо тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: