super.kg logo

"Апасы ичимдикке берилип, балдары кароосуз калган". Ошто эки кичинекей кыз мамлекеттин карамагына өткөрүлдү

 
Бүгүн, 20-январда Ош шаарында оор шартта жашаган эки кичинекей бала мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында жер-жерлерде коомдук көчмө кабылдамалар иштеп жаткан. Көчмө кабылдамага түшкөн маалымат боюнча, милиция кызматкерлери Джим көчөсүндөгү оор шартта жашаган 27 жаштагы аялды кабыл алышкан.
"Бул аял көп ичкендиктен балдары кароосуз калып калган. Мурда адегенде бир кызын, кийинчерээк дагы 6 айлык жана 3,5 жашар эки кыздарын мамлекет өз карамагына алган. Энесине сыноо мөөнөтү берилген. Сыноо мөөнөтүндө энесинин жакшы тарапка өзгөргөнү байкалган эмес. Турак жайын таза карабайт, санитардык талаптарга жооп бербейт. Балдар инспекциясында атайын тизмеде турат. Буга чейин дагы милиция кызматкерлери энеден кабар алынып тургандыгы анык болду.
Ош шаарынын балдар боюнча атайын комиссиясы аталган эненин жакшы тарапка өзгөрүүгө аракет жасабагандыгын, дагы эле ичип жүргөндүгүн эске алып, буга чейин мамлекеттин карамагында каралып жаткан 6 айлык жана 3 жарым жашар кыздарын мамлекет кароосун улантууга чечим чыгарышты. Ал эми балдардын апасы менен милиция кызматкерлери сүйлөшүп, аны атайын дарыланууга көндүрүштү. Эми жаш эне милиция кызматкерлеринин жардамы менен аракечтикке каршы дарыланат, психологдун жардамы көрсөтүлөт", - деп жзылат маалыматта.
Учурда Ош шаарынын аймагында жаш балдарга камкордук көрсөтүүгө, зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
20.01.2021. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ичип атып да тууй берипсинда кор кылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: