super.kg logo

Нарында жол кырсыгынын алдын алуу максатында тайгакка каршы 93 тонна инерттик материалдар себилди

 

Нарындын аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында 12 атайын техника тартылып, тайгакка каршы 93 тонна инерттик материалдар себилип, 72 жол жумушчу иш алып барууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-январь күнү Нарын облусунун аймагында туруксуз аба ырайынын күтүлүшү менен Кызарт, Долон, Кызыл-Бел, Кара-Гөө жана Кувакы ашууларында жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда унаа каражат кыймылы үзгүлтүксүз улантылууда.

"Ашуу белдерге, кооптуу аймактардагы чукул жерлерге ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан посттор уюштурулуп, кырдаал көзөмөлгө алынууда. Жол кайгуул кызматкерлери унаалардын ортосундагы белгиленген аралыкты сактоого жана жол кыймылынын эрежелерин, айрыкча ылдамдыкты так сактоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: