super.kg logo

Айдоочунун колу-бутун жип менен байлап, кароосуз калган тамдын ичине таштап кетишкен. Чүйдө каракчылыкка шектелгендер кармалды

 

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну К.И. арыз менен кайрылган. Анда 14-январь күнү саат болжол менен 01:30 чамасында белгисиз үч бала, арыз ээсине күч колдонуп ур-токмокко алып Хонда Фит маркасындагы унаасын ачык түрдө каракчылык жолу менен ээлеп алып из жашырып качып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Жабырлануучунун айтуусу боюнча, 14-январь күнү такси кызматында иштеп жүргөн кезде Бишкек шаарында жайгашкан бир кинотеатрына такси кызматынан чакыруу түшүп, ал чакырууну кабыл алып ал жерге барып белгисиз, жашы болжол менен 25 жаштагы бала отуруп Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын бирине жеткизүүнү суранган. Ал жакка жеткен учурда унаага дагы эки бейтааныш бала отуруп, кайрадан ошол эле кинотеатрына жеткизүүнү суранган, ал жерге жеткенде бейтааныш балдар Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылына жеткизүүнү суранып, жолдо кетип бара жатканда айткан жерге жете электе айдоочунун ур-токмокко алып, жабырланычууну артына отургузуп, колу-бутун жип менен байлап кароосуз калган тамдын ичине таштап, Хонда Фит автоунаасын жана уюлдук телефонун алып изин суутуп кетишкен.

14-январь күнү Хонда Фит автоунаасы Аламүдүн районунун бир айылынан талаада табылганы белгилүү болгон. Кечээ, 19-январь күнү тергөө аракеттердин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 20 жаштагы С.А.19 жаштагы А.Э., 18 жаштагы С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(2)
21.01.2021. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чычкактар десе
21.01.2021. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чимкириктер десе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: