Президенттик башкарууну колдоп 1 миллион 133 миң 485 шайлоочу добуш берди. БШК референдумдун жыйынтыгын жарыялады
Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 1 миллион 394 миң 218 адам добуш берген. Жокко чыгарылган 10 шайлоо тилкесинин жыйынтыгы киргизилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда БШКнын отурумунда шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев бул боюнча баяндама жасап жатып билдирди.
- Президенттик башкаруу 81,30 пайыз (1 миллион 133 миң 485);
- Парламенттик башкаруу 10,90 пайыз (151 миң 931);
- Баарына каршы 4,46 пайыз (62 миң 145).
Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү токтом долбоорун кабыл алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

