23-январдан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген Кыргыз жарандарынын ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары милдеттүү түрдө болушу керек
23-январдан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген Кыргыз жарандары үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары милдеттүү түрдө болушу керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алынган жогорулатылган коопсуздук чараларына байланыштуу өлкөгө келүүчү жактар үчүн текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.
Атап айтканда, эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинин бортунда жүргүнчүлөрдү сурамжылоо өткөрүлөт, келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сакталышы, ПЦР-иликтөөсүнүн бардыгы текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда госпиталдаштыруу жүрөт.
ПЦР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына же авиакаттамдын кармалуусуна байланыштуу объективдүү себептер боюнча өтүп кетсе (72 саат), ал жактар келген орду (аэровокзалда) боюнча ПЦР-иликтөөдөн өтүүсү зарыл.
Мамлекеттик чек араны Кыргыз жарандары, чет элдик жарандар, жарандыгы жок жактар автомобилдик пункттар аркылуу кесип өтүүсүндө акыркы 72 саат ичинде жасалган ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу зарыл. Дене табы өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы текшерилет. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда госпиталдаштыруу жүрөт. Контакттык жактар анкета толтуруп, обочолонууга жөнөтүлөт.
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева текшерүү алгоритмдерин тыкыр сакталышынын маанилүүлүгүн белгиледи.
"Вирустун жаңы штаммынын жайылышына байланыштуу жарандардын өлкөгө келүүсүндө коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздоо зарыл", - деди ал.
Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептеринин кадимки режимге баскычтуу өтүшүнө байланыштуу алардын ишиндеги алгоритмдерди сактоо маселеси талкууланды.
Эльвира Сурабалдиева өлкөнүн мектептериндеги санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө, белгиленген алгоритмдерди сактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

