Бишкекте 5 күндүн ичинде 56 кылмыш жана укук бузуулардын бети ачылды
Бишкек шаардык милициясы жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында кезектеги профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле шаардын көчөлөрүндө укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу максатында 16-январдан 20-январга чейин "Жумуш убактысы" деген аталышта комплекстүү профилактикалык иш-чаралар болуп өттү.
"Дал ушул убакыт аралыгынан бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө 56 кылмыштын жана укук бузуулардын бети ачылды. Анын ичинен уурулук - 23, каракчылык - 2, тоноо - 2, адам өлтүрүү - 1 , жосунсуз жоруктар - 7 жана башка укук бузуулар - 21", - деп жазылат маалыматта.
