"Коомго жат көрүнүштөргө күбө болсоңор кабар бергиле". Жалал-Абадда 300гө жакын милиция кызматкери профилактикалык иштерди өткөрүүдө





Бүгүн, 20-январда Жалал-Абад шаарында кылмыштуулукка жана ар кандай укук бузууларга каршы багытталган “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, профилактикалык жумуштарды 300гө жакын милиция кызматкери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүп жатышат.
"Жалал-Абад шаары облустун борбору болгондуктан аймактардан келип көп кабаттуу турак-жайларда убактылуу батирде жашагандар көп. Буга байланыштуу алардын кайсы батирде кимдер менен жашай тургандыгы каттоого алынып жатат. Ошондой эле жарандардын паспорт эрежелери, милициянын каттоосуна алынгандар автоунаалар, курал сактоочу жайлар текшерүүгө алынууда.
Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатышат. Алар элди бардык документтерине так жана сак болууга, кандайдыр бир коомго жат көрүнүштөргө күбө болсо милицияга кабар берүүгө чакырышууда", - деп жазылат маалыматта.

