Кыргызстандык спортчу Эркинбек Үмөталиев самбо боюнча чеберлер арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды
5-6-октябрь күндөрү Болгариянын Бургас шаарында самбо боюнча 35тен өйдө курактагылар арасында самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдешке 15 өлкөдөн 200дөй спортчу катышты. Катышкан кыргызстандык спортчулардан мелдештин М3 бөлүгүндө 62 килограмм салмакта Эркинбек Үмөталиев финалда грузиялык Теймураз Гиоргадзеге утулуп, күмүш медаль менен чектелип, 2012-жылкы чемпиондук наамын коргой албай калды. Дагы бир кыргызстандык спортчу Ильичбек Чокеев мелдештин М2 бөлүгүндө 82 килограмм салмакта коло медаль тагынган. Ошондой эле мелдештин М1 бөлүгүндө 74 килограмм салмакта ат салышкан Талантбек Жамангулов биринчи эле кармашта жеңилип, медаль үчүн болгон күрөштөн четтеп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.