Жаңы өлкө башчысы 28-январда ант берет
Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда өтөт. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, ант берүү салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Учурда инагурацияга даярдык көрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитетти Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өттү. Шайлоонун расмий жыйынтыгын БШК кечээ, 20-январда чыгарды. Садыр Жапаров шайлоочулардын дээрлик 80 пайыз добушуна ээ болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
salimbek87.kg

21.01.2021. 10:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ийгилик сизге Садыр Нуркожоевич. Буйруса Кыргызстан онугуп өсүп кетсин Аамин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.