super.kg logo

Президенттик шайлоого катышкан 11 талапкердин күрөө акчалары мамлекеттик бюджетке которулат

 

7 президенттикке талапкердин күрөө акчасы кайтарылат. Бул тууралуу БШКнын жыйынында айтылды.

Белгилүү болгондой, 1 миллион сом өлчөмүндөгү күрөө акчасы шайлоочулардын 1 пайыз же андан көп добуш алган талапкерлерге кайтарылып берилет. Алар 79,2 пайыз добуш алган Садыр Жапаров, 6,79 пайыз добуш алган Адахан Мадумаров, 2,36 пайыз добуш алган Бабыржан Төлбаев, 1,69 пайыз добуш алган Мыктыбек Арстанбек, 1,46 пайыз добуш алган Абдил Сегизбаев, 1,17 пайыз добуш алган Имамидин Ташов жана 1 пайыз добуш алган Клара Сооронкулова.

Буга чейин талапкерликке каттоодон баш тартылган Кубан Чороев, Кубанычбек Токтосунов жана Кубанчыбек Исабековдун күрөө акчалары кайтарылган. Ал эми Рашид Тагаев шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин жарыштан четтегендиктен анын күрөөсү кайтарылбайт.

Калган 11 талапкер 1 пайыздан кем добуш алганына байланыштуу күрөө акчалары мамлекеттик бюджетке которулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.01.2021. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кризис болуп жаткан маалда талапкерлердин баары эле өз ыктыярлары менен бюджетке которуп койушса болмок алар үчүн миллион сом копейка эле болуш керек
21.01.2021. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура чечим!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: