Кара-Балтада сулууулук салонун жамынып алып, кумар оюндарын иштеткендер аныкталды (видео)
Кара-Балта шаарында сулуулук салонун жамынып алып, кумар оюндарын уюштуруп жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кара-Балтадагы Карл-Маркс - Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Лаванда" сулуулук салонун жамынып алып, онлайн кумар оюндарын уюштурган жер астындагы кумар клубу табылды. Тинтүү учурунда атайын программалык камсыздоо, акча жана башка нерселер менен компьютердик жабдуулар орнотулгандыгы аныкталды. Текшерүү учурунда кардарлар (оюнчулар) болгон", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, учурда тергөө жүрүп жатат.
Кара-Балтада онлайн кумар оюндарын уюштургандар аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bond02

21.01.2021. 12:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулууулук?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.