Өзгөчө номерлерди сатуудан өлкө бюджетине бир жылда 70 миллион сомго жакын каражат түштү
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" ишканасы 2020-жылдын ичинде республикалык бюджетке өзгөчө сандагы мамлекеттик номерлерге карата сертификаттарды сатуудан 70 миллион сомго жакын сумманы которду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
2019-жылга салыштырмалуу автоунааларга даярдалган номерлердин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номерлери даярдалган.
"2020-жылы автоунаага карата жалпы 360 миңден ашуун мамлететтик номер даярдалды. Алардын ичинен 11 миң 879 аукционсуз жана аукциондук мамлекеттик номерлер, 348 миң 201 номер Мамлекеттик кадр кызматына караштуу "Унаа" ишканасы үчүн өлкөнүн аймактарына андан ары таркатуу үчүн даярдалып берилген", - деп жазылат маалыматта.

