super.kg logo

"Бишкекти кара түтүн каптап жатканына ЖЭБдин тиешеси бар экени далилденди" дейт депутат

 

Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү өкмөттүн аппарат жетекчиси Алмасбек Абытовго кайрылып, жылуулук сезону башталган учурда ЖЭБди газ менен иштетүү керектигин айтты.

"Бишкекти каптаган кара түтүн бир аз азайып калганын байкадык. Өкмөт келип эле унааларга күнөөнү илип коюп жатасыңар. Мына, күн жылып ЖЭБдин жумушу азайды, Финпол 15 күндөн бери ал жактын ишин иликтеп жатат. Мына ушуга байланыштуу кара түтүн азайып жатат. Бул кара түтүндүн капташына Бишкек ЖЭБинин түздөн-түз тиешеси бар экенин далили. Же 15 күндөн бери шаарда унаа жүрбөй калдыбы? Жылуулук сезонунда ЖЭБди газга өткөрүү боюнча өкмөт программа даярдап жаткан. 3 айга болсо да газга өткөрөлү, чыгымын элге жүктөп койбойлу. Ушуга көңүл бөлүп койсоңор", - деди Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: