Вице-мэр Айжан Чыныбаева аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын сүт менен камсыз кылуу жана башка жардамдар боюнча маселелерди талкуулады




Вице-мэр Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын иши менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, вице-мэр социалдык өнүгүү башкармалыктарынын иши менен таанышып, көрсөтүлүүчү социалдык жардамдын алгоритмин өркүндөтүү, ушул кезге чейин Свердлов районунда гана иштеп келген "Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту" деген аталыштагы автоматташтырылган маалымат тутумун борбор шаардын бардык райондоруна киргизүү маселелерине токтолду.
"Жөлөк пулдун ордуна компенсация төлөө, кварталдык социалдык стипендияларды, мамлекеттик жөлөк пулдарды дайындоо жана төлөө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 2 жашка чейинки балдарын сүт азыктары менен камсыз кылуу, акчалай компенсация төлөө, турак-жай субсидияларын дайындоо, майыптарды коляскасы менен камсыз кылуу, жалгыз бой, улгайган жарандарды үйдөн тейлөө, тиш протездөө үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүү, бир жолку материалдык жардам үчүн компенсация төлөө маселелери каралды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетүүчү нерсе, Бишкек шаары боюнча 1 миң 561 жаран Социалдык өнүгүү дирекциясы аркылуу 28 даректүү социалдык жардам алышат.

