super.kg logo

"Насыялык мунапыс берилбесе үй-бүлөлүк зомбулук, суицид болот". Бишкекте насыялык амнистия берүүнү талап кылгандар маалымат жыйын өткөрүп жатышат

 

Бүгүн, 21-январда Бишкекте "Элет көйгөйү" коомдук бирикмеси элге насыялык мунапыс берүүнү талап кылабыз" аталышындагы маалымат жыйын өткөрүп жатат. Анда ар кайсы аймактардан келген өкүлдөр катышууда.


Алардын айтымында, өлкө бийлигинен насыялык мунапыс берүүнү өтүнүп жатышат.

"Коронавирус пандемиясына байланыштуу эл үйдө обочолонуу режиминде болду, иштеген жок. Ошондуктан биз насыялык мунапыс берүү сунушун Садыр Жапаровго жөнөтөбүз", - деди Марипа Алайкулова.

"2020-жылдын 18-мартында Улуттук банк бизге 80 миллиард 8 миллион сом насыя жабылды деген токтом чыкканын билдирген. Бирок эч ким насыясы жоюлганын айта албайт. Андан кийин Улуттук банктан сурасак алар так жооп бере албай коюшту.

Бул токтомдо 100 миңге чейин насыя алган жарандардын 3 айлык үстөк пайызын жоюу болгон. Бирок бул токтом аймактарга жетпегенин аймактагылар айтып жатышат. Бизге насыялык амнистия керек, берилсе жакшы эле болот. Эгер берилбесе үй-бүлөлүк зомбулук, суицид болот. Буга чейин Ысык-Көлдө насыяга байланыштуу 2 жолу суицид катталды. Бирок муну жашырып жатышат", - деди Жалал-Абад облусунан келген Нургүл Тургунбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.01.2021. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул пайыздарды 5 чейин түшүрүп салгылачы, амнистия нафиг бизге, итак алар кылбайт, башка жактан чыгарып алышат. Эл колдосун, көтөрүлүп патин жайсын ушул банк паразиттерин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: