super.kg logo

"Биз насыяны төлөбөйбүз деген жокпуз, насыялык амнистия берүүнү суранабыз" дейт аймактан келген өкүл

 
Бүгүн, 21-январда Бишкекте Элге насыялык мунапыс берүү көйгөйү боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
"Коронавирус пандемиясына байланыштуу 208 миң 46 насыя алган адамга жардам берүү максатында 80 миллиард 800 миллион сом бөлүнгөнү боюнча токтом чыккан. Ал токтомго ылайык, 3 миң адамга гана жардам берилген. Калган акча кайда кетти деген суроо жаралат. Улуттук банктан бул тууралуу сураганда алар бул "коммерциялык таймер" деп жооп берген эмес.
Биз кредит саясатынан кетишибиз керек. Мисалы АКШда 5 пайыз менен насыя берсе, Кыргыз өлкөсүндө 40-50 пайыз менен берилет. Мындай жүрүш менен уланта берсек, кулчулукка түртөт. Ошондуктан бул саясаттан баш тартуу зарыл", - деди "Элет көйгөйү" коомдук бирикмесинин мүчөсү Фатима Жунусбекова.
Ошондой эле маалымат жыйынга аймактан келген өкүлдөр, Орусияда бир жылга насыялык амнистия берилгенин айтып өтүштү.
"Биз Кыргыз өлкөсүн башка өлкөлөр менен салыштыра кетсек. Мисалы, Орусия бир жылга насыялык амнистия берди. Амнистия деген - үстөк пайызды алып салуу да. Биз насыяны төлөбөйбүз деген жокпуз. Болгону 2020-жылдын 27-марттан, 2021-жылдын 27-мартына чейин насыялык амнистия берүүнү суранабыз", - деди "Элет көйгөйү" коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусунан келген өкүлү Марипа Алыйкулова.
Мындан сырткары "Элет көйгөйү" коомдук бирикмесине жарандардан жазуу турүндө да, электрондук түрдө да арыздар келип жатканын айтып, маалымат жыйынга арыздардын 0,1 пайызын гана алып келгендигин кошумчалап өтүштү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.01.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусияда деле жок 1жылдык амнистия, билбейм билгендер болсо кабарлашкылачы Орусиядан?
21.01.2021. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
алгандан кийин тологуло да мамлекет озу кыйналып турат анан орусияда эч кандай амнистия болгон жок
21.01.2021. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушу Марипа деген аял жон журбойт экенда корунгондон акча ала калып эптеп чогулуш откорп убактысын коротуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: