"Чындыгында болгон". "Электр станциялар" Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча билдирүү жасады
Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков Бишкек ЖЭБинде дагы авария болду деген маалымат келип түшкөнүн айтып, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго маалыматты тактоону айтып кайрылган.
Мындан улам, SUPER.KG порталы "Электр станциялар" ААКнын басма сөз кызматкери Тагжана Айдаралиевага кайрылганыбызда маалыматты тастыктады.
"Чындыгында, 19-январда Бишкек ЖЭБинде №4-блок өчүрүлгөн. Бул блок көмөкчү жабдууларын калыбына келтирүү үчүн иштеп жаткан жабдуулардан чыгарылган. Резерв бар болгондуктан, жүктү башка шаймандарга бөлүштүрүп беришкен. Бул жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүгө эч кандай таасирин тийгизген жок. Бишкек ЖЭБи акыркы суткада 8 миллион киловат саат электр энергиясын өндүрдү", - деди ал.

