super.kg logo

Өкмөт отставкага кетти. Жаңы ажонун ант берүү аземине даярдык башталды. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

 
Бүгүн, 21-январь, күнгө бейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Садыр Жапаровдун ант берүү аземине даярдыктар башталды

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп шайланды деп жарыялады. Расмий маалыматка ылайык, Садыр Жапаров шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун, тактап айтканда, 79.02 пайыз же 1 миллион 105 миң 248 добушка ээ болду.

Анын инаугурациясына даярдык көрүү үчүн түзүлгөн уюштуруу комитетине бир нече жогорку кызматтагы аткаминерлер кирди.

Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектей турган уюштуруу тобунун курамы төмөндөгүчө:

Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Новиков Артем Эдуардович — Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Аманбаев Бактыбек Абдилашимович — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси;

Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси;

Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;

Казакбаев Руслан Айтбаевич — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Ниязбеков Улан Омоканович — Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Ажикеев Бообек Эргешович — Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Мукашев Кыялбек Белекович — Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович — Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Түлөбаев Балбак Зарлыкович — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;

Алиев Бактияр Жеңишбекович — Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;

Жумаев Алтынбек Мусаевич — «7 канал» ТРК жетекчиси.

Ант берүү салтанатына даярдыкты милициянын кайгуул кызматы да баштады. Кайгуул кызматынан билдиришкендей, шаардын айрым борбордук көчөлөрүндө транспорт каттамдарынын жүрүшү убактылуу токтотулуп, кайра калыбына келтирилди.
"Манас жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинде даярдыктар жүрүп жатат. Түштөн кийин да даярдыктар улантылат", - дешти аталган мекемеден.
Жаңы ажонун ант берүү аземи 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
Өкмөт отставкага кетти

Президенттик тактыга бара турган Садыр Жапаров өзүнүн премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтоткондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү толук курамы менен отставкага кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыкка кол койду", - деп жазылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин учурдагы министрлер өз милдеттерин аткарууну улантышат. Башкача айтканда, эртең менен жумушуна вице-премьер-министр, министр, төрага катары келген аткаминерлер, кечинде өз кызматынын милдетин аткаруучусу катары үйүнө кетишмекчи.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер көтөрүлдү

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйыны өттү. Жыйында депутаттар Бишкектеги кара түтүндөн баштап, коронавирус вакцинасына чейин ар кандай маселелерди көтөрүштү.

Депутат Бактыбек Турусбеков Бишкек ЖЭБинде дагы авария болду деген маалымат келип түшкөнүн айтып, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Мага кечээ, 20-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, 4-энергетикалык блок иштебей калды деген маалымат келди. Кечээ болгон жарылуу тууралуу бүгүн маалымат жок. Алмасбек Ахунжанович ушул маселени ЖЭБдин жетекчилигинен тактап, көзөмөлдөп коюшуңузду суранам", - деди Турусбеков.

"Электр станциялар" ААКсынын басма сөз кызматкери Тагжана Айдаралиева SUPER.KG порталына аталган маалыматты тастыктады.

"Чындыгында, 19-январда Бишкек ЖЭБинде №4 блок өчүрүлгөн. Бул блок көмөкчү жабдууларын калыбына келтирүү үчүн иштеп жаткан жабдуулардан чыгарылган. Резерв бар болгондуктан жүктү башка шаймандарга бөлүштүрүп беришкен. Бул жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүгө эч кандай таасирин тийгизген жок. Бишкек ЖЭБи акыркы суткада 8 миллион киловат саат электр энергиясын өндүрдү", - деди ал.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү керектигин айтты.

"Бишкекти каптаган кара түтүн бир аз азайып калганын байкадык. Өкмөт келип эле унааларга күнөөнү илип коюп жатасыңар. Мына, күн жылып ЖЭБдин жумушу азайды, Финпол 15 күндөн бери ал жактын ишин иликтеп жатат. Мына ушуга байланыштуу кара түтүн азайып жатат. Бул кара түтүндүн капташына Бишкек ЖЭБинин түздөн-түз тиешеси бар экендигинин далили. Же 15 күндөн бери шаарда унаа жүрбөй калдыбы? Жылуулук сезонунда ЖЭБди газга өткөрүү боюнча өкмөт программа даярдап жаткан. 3 айга болсо да газга өткөрөлү, чыгымын элге жүктөп койбойлу. Ушуга көңүл бөлүп койсоңор", - деп Маматалиев Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылды.

Ал эми Дастан Бекешев президент, өкмөт башчы, саламаттыкты сактоо министри түз эфирде коронавируска каршы эмдөөдөн өтүш керек" деген пикирде. Ал мындай кадам вакцинанын коопсуздугу боюнча коомчулуктун ишенимин жогорулатарын белгиледи.

"Учурда коомчулуктун арасында коронавируска каршы вакцина боюнча ар кандай кайчы пикирлер болууда. Эл ишениш үчүн алгач президент, өкмөт башчы, саламаттыкты сактоо министри түз эфирде эмдөөдөн өтүш керек. Ошондо гана коомчулук вакцинанын коопсуздугуна ишенет.

Өкмөт Pfizer вакцинасына каражат жок, аны сактоого муздаткычтар жок деп жатат. Андан башка вакциналар деле толтура да. Орусиянын, Кытайдын вакциналары бар. Кайсынысын аларыбыздын айырмасы жок", - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин жыйынында отуруп, саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучуга айланган Алымкадыр Бейшеналиев 11-январдан баштап коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сом эмес, 75 миң сом компенсация төлөнөрүн билдирди.

Анын айтымында, ковид илдетин жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөп берүүнүн тартиби өзгөрдү.

"Жаңы тартипке ылайык, 11-январдан тартып жумуш учурунда ковид жуктуруп алган дарыгерлерге 75 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөнөт. 1-январга карата коронавирустан каза болгон 32 дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнүп берилди. 1137 дарыгер 200 миң сомдон компенсация алды, дагы 237 дарыгерге 200 миң сомдон төлөнүп берилет", - деди Бейшеналиев.

Парламент жыйынында президенттикке талапкерлигин койгон Арстан Алайдын ден соолугуна кызыккандар да болду.

Эл өкүлү Самат Исманов айтымында, Арстан Алай өзүн кудаймын деп атап, коомчулуктун башын айландырып жатат.

"Президенттик шайлоо өттү. 17 талапкерди көрдүк, алардын арасындагы фаворит делген Садыр Жапаров жеңишке жетти. Ислам диниби, христиан диниби же башка дин болобу баарында 1 эле Кудай бар деп айтылган. Эч бир динде башка кудайлар жөнүндө айтылган эмес. Бирок талапкерлердин бири элдин баарына "мен кудаймын" деп жарыялап, миңдеген карапайым элдин башын айландырып жатат. Эгерде ал жарандын оорулуу экени аныкталса, дарыланышы керек. Оорулуу эмес болсо анын айткандары экстремизм катары бааланып, жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди Исманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
21.01.2021. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ант беруу аземине кимдер барып катыша алат.ошол боюнча да айтып кетсенер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: