Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп баратат, ал эми мугалимдердин саны жетишсиз экендиги айтылды




Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги №48 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Алмазбек Бейшеналиев пандемия шартындагы иштин жүрүшү жана бала бакчанын жалпы абалы менен таанышып, балдар жана мугалимдер менен баарлашып, бала бакчанын кем-карчын сурады.
Бала бакчага айрым жабдыктар (түстүү принтер, ноутбук жана 2 интерактивдүү доска) жетишпей келген. Министр аталган жабдыктарды жакын арада бала бакчага жөнөтө тургандыгын билдирди.
Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп баратат, ал эми мугалимдердин саны жетишсиз экендиги айтылды.
"Билим берүү министрлигинин долбоордук багыттарына ылайык, Арабаев атындагы улуттук университет жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту инклюзивдик билим берүүчү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү) мугалимдерди даярдай баштайт. Министрлик аларды бюджеттик негизде окутуп, даярдап берет", - деди министр Алмазбек Бейшеналиев.
Белгилей кетсек, аталган бала бакчада сүйлөөсү начар, угуусу начар жана акыл-эсинин өрчүүсүндө бузулуулар болгон балдар тарбияланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.