super.kg logo

МЕДИА ПОРТАЛ: "Атыңыз Чубак ажы деп, түбөлүк жашайт жүрөктө...". Дин аалымы көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак

 

Белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак Жалилов көзү тирүү болгондо бүгүн, 21-январда 46 жашка чыкмак. Ал өткөн жылы 11-июлга караган түнү оор абалда ооруканага жеткирилип, саналуу сааттардан кийин пневмониядан улам 45 жашында каза болгон.

Каза болгондон кийин анын урматына ырчы Кызсайкал Кабылова "Атыңыз жашайт жүрөктө" аталышындагы ырын жаздырып, клип тарттырган. Ал Чубак Жалиловдун каза болгонун оор кабыл алганын, көзү тирүүсүндө насааттарын көп айтканын эскерет.

"Устаз Чубак Жалилов менен катышчубуз. Менин турмушумдагы оор күндөрдө мага насаат айтып, көп кеңештерин берди. Ата-энем айтпаган насааттарды айтты. Кыйын учурда дайыма устазга кайрылып турчумун. Ал мени шыктандырып,"чыгармачылыгыңды уланта бер, бирок хижабыңды чечпе" деп айтчу.

Ал эми ыр тууралуу айтсам, "Кыргызстан" деген чыгарма үчүн обон жаздырып жаткам. Обон даяр болгондон кийин эле устазыбыз каза болду. Мындан улам чыгарманы Чубак Жалиловго арнайын деген ой келди. Ырды ыйлап жатып жаздырдым", - деген ал.

Чубак Жалиловго арналган "Атыңыз жашайт жүрөктө" клибин шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыз. Чыгарманын аудио версиясын бул шилтемеден угуп, көчүрүп алсаңыз болот.

Ал эми дин аалымынын өмүр таржымалы тууралуу ушул шилтемени басып өтүп, окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.01.2021. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым ыраазы болсун устаздан. Бейиштен орун берсин Аллахым. Эх аттиң ...Аллах баарынан улуу зат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: