super.kg logo

3 бөлмөлүү китепканасында 5 тоннадай китеп бар. Орто Азияга белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловду эскерүү

 
Орто Азияга белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов көзү тирүү болгондо бүгүн, 21-январда 46 жашка толмок. Ал 1975-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында агартуучулардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Тажибай Жалилов математика мугалими, апасы Гүлжамал Сакыева англис тили боюнча мугалим. Чубак Жалилов үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси болгон.

1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы Умм аль-Кура эл аралык университетинин араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинен тышкары орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн.

Эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган.
Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.
2010-2012-жылдары муфтий кызматын аркалаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана Муфтияттын, уламалар кеңешинин, муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариятка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон. Чубак Жалилов фикх (шарият мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва) чыгарууга уруксаты бар документтердин ээси болгон.
Аалымдын көпчүлүктү кызыктырган 3 бөлмөлүү китепканасында 5 тоннадай китеби бар экендиги айтылат. Ошондой эле ал бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырып, убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнаган.
Чубак ажы Жалиловдун артында 3 уул, 3 кызы калды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(5)
21.01.2021. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Жайыныз жаннаттан болсун сиздей аалымдар кылымда бир жаралат.
21.01.2021. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-30
salimbek87.kg, Бир кылымда эмей эле жыл сайын эле чыгып жатат Чубак ажыданда күчтүү аалымдар. Бир кылымда бир жаралгандар алар Мужаддид аалымдар болот, Чубак ажы алардын бир тал чачына да татыбайт чындыгында. Антип аша чаап макташтын кереги жок. Кудай өз динин ээсиз таштабайт, али Чубак ажыданда эки эсе күчтүү аалымдар чыгат буйруса!!!
21.01.2021. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Сиз менен сыймыктанабыз,жайыныз жаннаттан болсун.Кайталангыс инсан элениз...
21.01.2021. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Китепканасын тартып чыгарышпаптыр да, укмуш болсо керек эле. Өзү да укмуш адам эле сөздү таап сүйлөгөн. Көргөн сайын көргүн келет эле теледен, күлдүргөнүчү. Бейиште болсун, жаш эле кетип калды.
21.01.2021. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озгочо аалымыбыз бар эле.Аллаага керек болгон экен алып кетти.Ушинтип озумду жубатпасам,арга жок.Жайыныз Фирдаус бейишинен болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: