super.kg logo
  Спорт  

Ысык-Көлдө шахмат боюнча Кыргызстандын биринчилиги өткөрүлдү

 
Тез ойнолуучу шахматта - ар бир катышуучуга 25 мүнөттөн убакыт берилет. Шахматчы 11 оюн өткөрүп, топтогон упайдын негизинде чемпиондукка ат салышат
Мелдеште шахмат боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону Нуриза Оторбаева калыстык милдетти аркалады
Жаштар жана өспүрүмдөр арасында 1-орунду Арзыбек Сьездбеков ээледт
Жаштар жана өспүрүмдөр арасында 2-орунду Нарындан келген Алтай Акматов алды
3-орун Канат уулу Эдилге буюрду
Чоңдор арасында 1-орунду Тилек Такырбашев аттуу шахмат сүйүүчүсү утту
2-орундун ээси Майрамбек Жусупов
3-орунду Ислам Байсынов утту

5-6-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында шахматтын тез ойнолуучу түрү боюнча жаштар жана чоңдор арасында республиканын биринчилиги болуп өттү. Ысык-Көл районунун шахмат федерациясынын ачылышына карата уюшулган мелдеште 50гө жакын катышуучу чемпиондук үчүн күч сынашты. Мелдеш чоңдор жана жаштар арасында өткөрүлүп, республиканын түрдүү аймактарынан келип катышышты. 

Тез ойнолуучу шахматтын классикалык шахматтан айырмасы бар. Тез ойнолуучу шахматта ар бир катышуучуга 25 мүнөттөн убакыт берилет. Бир оюнчу мелдеш алкагында жалпысынын 11 оюн өткөрүп, топтогон упайдын негизинде чемпиондукка ат салышат. Жыйынтыгында жаштар жана өспүрүмдөр арасында 1-орунду Арзыбек Съездбеков ээлеп, диплом, алтын медаль жана 2000 сом акчалай сыйлыкка татыды. 2-орунду Нарындан келген Алтай Акматов ээлеп, 1000 сом акчалай сыйлык алды. 3-орунга коюлган 1000 сом жана башка сыйлыктар нарындык Канат уулу Эдилге буюрду. 

Ал эми чоңдор арасында алтын медалды жана 1-орунга коюлган 9000 сом акчалай сыйлыкты Тилек Такырбашев, 2-орунду Майрамбек Жусупов утуп, 7000 сом байге алды. 3-орунду Ислам Байсынов утту. Мелдештин уюштуруу демилгесинин ээси 3000 сом сыйлык алып, ага кошумча коло медаль жана диплом менен сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: