Кыргыз өлкөсүнө "Pfizer" вакцинасын сактоо үчүн атайын муздаткычтар бекер берилери айтылды
"Вакцина боюнча азыркы кезде уюм бизге муздаткычтарды бекер берип жатат. Биринчи бизде 15 миң доза берилет деп айтылып жаткан, азыркы учурда сүйлөшүүлөр боюнча 1 миллион 200 дозаны июнь айларында бекер муздаткычтары менен кошо берет. Экинчиден, биз каржы министрине билдирдик, Орусиянын муздаткычы келип калса, ал 2 градустан 18 градуска чейин кармайт экен. Ага биз өзүбүздүн суммада канча акча кетерин бердик, финансы министри буга макул болду. Акча бар деди", - деп билдирди Алымкадыр Бейшеналиев.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Кыргыз өлкөсү "Pfizer" вакцинасынан баш тартарын, мунун себебин ал вакцинаны сактай турган атайын муздаткычтар жоктугу менен түшүндүргөн. Аталган вакцина -70 градуста кармалып турушу керектигин, бизде андай муздаткычтар жоктугу айтылган.
кошулду

дагы бир жолу айтам,ала корбогуло,канча адам Европада олуп атышат!!!