super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2021" олимпиадасы көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн

 

Эл аралык олимпиада комитети "Токио-2021" олимпиадасы көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү Ричард Паунд Kyodo News гезитине берген маегинде түшүндүргөн.

"Токио-2021" олимпиадасын Эл аралык олимпиада комитети коронавирустун жайылышына байланыштуу өткөрүүдөн баш тартат же олимпиада көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн экенин билдирди. Комитеттин мүчөсү Паунд кошумчалагандай, көрүүчүлөр менен мелдештерди өткөрүү жагымдуу болгону менен, ал пандемияга байланыштуу кооптуу болорун түшүндүргөн.

Өткөн жылы "Токио-2020" жайкы олимпиадасы коронавирус пандемиясынын айынан 2021-жылдын 24-мартына жылдырылган. Оюндарды уюштуруу комитетинин директору Харуюки Такахаши олимпиада оюндарын кийинкиге жылдырууга макулдугун билдирген. Ошол эле учурда ал оюндарды толугу менен жокко чыгаруу мүмкүн эместигин айткан. Анткени бул Япониянын жана дүйнөнүн экономикасына чоң сокку урарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: