Жантөрө Сатыбалдиев: "Мамлекеттик органдарга бөлүнгөн ар бир сом өлкө үчүн пайда алып келиши керек"
Былтыркы жылга караганда быйыл чиновниктердин командировкаларына кеткен чыгымдар 2,5 эсеге көбөйгөнүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Өкмөт башчы жол чыгымдарына кеткен каражат да 2,5 эсеге өскөнүн белгилеп, бардык министрлерди сарамжалдуу болууга чакырды. "Келе жаткан жылдан баштап бардык министрликтер жана ведомстволор текшерүүгө алынат. Текшерүүдө мамлекеттик органдар бөлүнүп берилген каражатты кандай колдонуп жатканы анык болот. Ар бир бөлүнгөн сом өлкө үчүн пайда алып келиши керек. Каражатты эффективдүү колдонсок, чечилбеген суроолорго жооп табылат",- деди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

