super.kg logo

"Спутник-V" вакцинасын сактоо температурасы өзгөрдү

 

"Спутник-V" вакцинасын сактоо жана ташуу температурасы өзгөрдү. Эми аны -8 градустан +2 градуска чейинки муздактыкта кармоого болот. Бул тууралуу Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашконун билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вакцинанын каттоосунун өзгөрүшүн министрлик да жактырган. Ал эми өндүрүүчүлөр көрсөтүлгөн температурада туруктуу сактоону камсыздаганын билдиришкен.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасын каттоо күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизди. Өндүрүүчүлөр аны 2-8 градус жылуулукта сактала тургандай кылып жасашты. Экспертиза учурунда бул тастыкталды. Иммундук-биологиялык препараттар үчүн бул стандарттык температура", - деп билдирген Мурашко.

Ошондой эле ал бул вакцинанын сактоо шарттарын жеңилдетип, массалык түрдө тарашына шарт түзөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.01.2021. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентсинчи а то -70,°да сакташ керек деп атышты эле
21.01.2021. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул КОРОНАВИРУС анан массалык эмдоо мындай ойлонсом атайын элдерди азайтуу үчүн жасалгандай бул вакцинанын да секреттери бар го дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: