Эртең Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт (тизме)
Эртең, 22-январда Бишкекте 23 көчөдө электр жарыгы өчүрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең адистер айрым трансформатордук көмөк чордондорго автоматты орнотуу, электр линияларына тоскоолдук кылган бак-дарактардын бутагын кесүү, профилактикалык жана башка жумуштарды жүргүзүшөт.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
1) 08:30дан 12:00гө чейин — Фатьянов көчөсү;
2) 09:00дөн 13:00гө чейин №88 орто мектеби;
3) 09:00дөн 16:00гө чейин Нарв көчөсүндө (№62Б, 62Г, 62Д турак үйлөрү);
4) 09:00дөн 17:00гө чейин Малдыбаев көчөсүндө (№2 турак үйү);
5) 09:30дан 14:00гө чейин Аламүдүн-1 кичи районунда (№16-21, 29, 29а, 30 турак үйлөрү);
6) 09:30дан 17:00гө чейин Медеров, Бектенов, Скрябин көчөлөрүндө, Днепропетровск, Бий кууш көчөлөрүндө жана Ялта, Пархоменко, Жалил жана Садовая көчөлөрүндө;
7) 09:30дан 18:00гө чейин Ак-Ордо конушунда (Гагарин көчөсү жана Бар-Булак);
8) 10:00дөн 17:00гө чейин Табачная, Ибраимов жана Күрөңкеев көчөлөрүндө;
9) 10:30дан 12:00гө чейин Чехов жана Кулатов көчөлөрүндө;
10) 13:00дөн 15:00гө чейин Ош жана Ашхабад көчөлөрүндө;
11) 13:00дөн 16:30га чейин 4-кичи районунда (8, 30а, 43, 44, 46-49, 46/1 турак үйлөрү);
12) 13:00дөн 17:00гө чейин Тыныстанов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде.

