super.kg logo

Вице-премьердин милдетин аткаруучу Ош облусунда укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

 

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеде өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын актуалдуу маселелери каралды.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, ушул жылдын 10-январында президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жогорку уюшкандык деңгээлде өттү.

"Өкмөт таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү боюнча элге берген убадасын аткарды. Өлкөдөгү абал турукташты, эми бардык көңүлдү экономикага буруу зарыл. Республикадагы туруктуу коомдук-саясий абал социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү жана ишкерликти өнүктүрүү үчүн чечүүчү мааниге ээ", - деди Максат Мамытканов.

Жыйынтыгында күч органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: