super.kg logo

Ошто мыйзамсыз салынган имараттар, объектилер бузулууда

 

Ош шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бузулуп жаткан объектилердин көчөсүнө аллея куруу пландалууда.

"Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Оштогу жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери Салиев көчөсү менен Жийделик көчөсүнүн кесилишинен Касымбеков көчөсүнө чейинки көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Көпчүлүк тургундар жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен карашып, мыйзамсыз салынган имараттарын бузууга жардам жана колдоо көрсөтүшүүдө.

2021-жылы Салиев көчөсүнө аллея куруу пландаштырылган. Курулуш иштери башталганга чейин негизинен кароосуз калган үйлөрдүн айланасын санитардык тазалоо, мыйзамсыз курулуштар, тосмолор, гараждар, убактылуу соода түйүндөр жана бактар иретке келтирилүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(1)
21.01.2021. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мына ушундай уйдун жанында курулган курулуштарды алдыруу керек, орт учурунда ,Орт очуручуулорго тоскол болот. Азаматсынар,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: