super.kg logo

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

 

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун дарегине Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек, Токмок шаардык сотторунун жана Чүй облусунун кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен, Талант Мамытов аталган Кеңештин 6 судьялык кызматка талапкер боюнча сунуштамаларына макул болду.

Ал эми калган 4 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыккандан кийин бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды кабыл алып, алар төмөнкү сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди.

Чүй облусу:

Сокулук райондук сотуна:

  • Керимкулов Илияс Саматбекович;
  • Масыбаев Тилек Төлөнбаевич;
  • Султаналиева Сеиль Асанкуловна;

Ысык-Ата райондук сотуна:

  • Рыскулова Айжан Рыспековна;

Токмок шаардык сотуна:

  • Тойгонбаев Асанбек Рафикович.

Бишкек шаары:

Бишкек шаардык сотуна:

  • Динеев Мирад Сагынбекович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: