super.kg logo

"Эсинде калгандарды, туугандарынан укканын жазган". Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" китебинин бет ачары өттү

 

Бүгүн, 21-январда Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында коомдук ишмер Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.

"Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" (Мой отец как государственный деятель) эскерүү китеби 1937-жылы репрессияга кабылган мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун баскан жолуна жана өлкө үчүн жасаган ишмердигине арналган. Роза Айтматова өзүнүн эмгегинде архив документтерин, үй-бүлөлүк сүрөттөрүн пайдаланган, ошондой эле өзүнүн эсинде калгандарын жана ага-туугандарынан уккандарын жазган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми кызыккан окурмандар китептин электрондук версиясын Кыргызпатенттин расмий сайтынан кыргыз жана орус тилдеринде окуй алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: