Күз айларында аскердик кызматка 3000 жарандын чакырылышы күтүлүүдө
Быйыл күз айларында аскердик кызматка 3000, ал эми альтернативдик кызмат өтөөгө 10 миң кишинин кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрдагы маалымат жыйында коргоо министринин орун басары Ильясбек Субанкулов билдирди. "Биздин министрлик күзгү чакыруу маселесине көп көңүл бурат. Аскердик чакырууларга байланышкан талаш-тартыштуу маселелерди чечүү үчүн коомдук кабылдама иштейт",- деди ал. Мындан сырткары күзгү аскердик чакыруулар 1-октябрдан башталганын жана 30-октябрга чейин уланарын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















