Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булгануу деңгээли төмөндөгөнү байкалды
Бүгүн, 22-январда саат 9:20га карата Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булгануу деңгээли төмөндөгөнү байкалды. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 24 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 58). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 31 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 78).
Абдыкадыров көчөсү – 72 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 154).

