Сокулук районунда баңгизат таратууга шектүү жаран кармалды
Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан баңгизат таратууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрь күнү Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматтар боюнча, милиция бөлүмүнө "Комсомол айылынын тургуну баңгизат таратып жүрөт" деген билдирүү келип түшкөн. Билдирүүнүн негизинде Сокулук районунун Баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, 43 жаштагы мурда соттолгон В.Николай аттуу жаран кармалды. Аны текшерүү учурунда жанынан 5 грамм, жашаган жеринен 5 килограмм 515 грамм баңгизаты табылган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.