"Байге 100 миң сом". "Кыргызфильм" киностудиясы балдар фильмдеринин сценарийлерине сынак жарыялады
"Кыргызфильм" киностудиясы балдар фильмдеринин сценарийлерине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Төлөмүш Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы балдар фильмдеринин сценарийлерине сынак жарыялады. Сценарийлерге арыздар kyrgyzfilm.redakciya@gmail.com электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.
Киностудиянын айтымында, сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ошондой эле тиркемелери
жана сценарийлери кыргыз тилинде болот. Жеңүүчүлөрдүн сценарийлери киностудиянын расмий сайтына жайгаштырылат.
Эксперттик кеңеш тарабынан талданган сценарийдин авторуна 100 миң сом өлчөмүндө гонорар төлөнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:48
2025-08-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Janyl98

22.01.2021. 13:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корком тасмалар, документалдуу фильмдер жаштардын ан сезиминин осушуно чон таасир берет. Жаштарды сынчыл коз караш менен жашоого уйротолу.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.