super.kg logo

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү сутка ичинде 44 миллион метр кубга азайды

 

Бүгүн, 22-январда өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 178 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 21-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 178 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 174 метр куб, агып чыгышы 681 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 21-январда суу сактагычта 11 миллиард 222 миллион метр куб суу бар болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: