super.kg logo

"Элдин президенттери жөө эле келет". Кечээ Бишкекте орун алган жол тыгынынан кийин социалдык тармактар бир ай мурун өзүнүн инаугурациясына жөө келген Молдованын президентин эстешти

 

Кечээ борбор шаарыбыз Бишкекте өлкөгө президент болуп жаңы шайланган Садыр Жапаровдун алдыда өтө турчу инаугурациясына даярдык деп жолдор жабылып, унаа тыгындары пайда болду.

Социалдык тармактын колдонуучулары өзүнүн баракчаларына видеолорду жүктөп, жол тыгынынын айынан алар көздөгөн жерлерине жетпей жатышкандыктарын айтып, нааразычылыктарын жазышты. Буга катар эле аталган иш-чарага 10 миллион сом сарптала турганы айтылды. Бул маалыматты да коомчулук ар кандай кабыл алды.

Ал арада мындан бир ай мурун Молдованын 5-президенти болуп шайланган Майя Сандуну эскерип кетишти. Бул өлкөнүн президенти өзүнүн инаугурациясына жөө келгени менен көпчүлүктүн эсинде калган.

Коомдо болгон кызуу талкуулардан көп өтпөй өлкө башчысы болуп шайланган Садыр Жапаров инаугурация күнү жолдорду жабууга жана аталган иш-чарага 10 миллион сом коротууга тыюу салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
22.01.2021. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жаман телефонунарды көтөрүп чабып жатып байкушту түзүк да чай ичирбейт экенсинер го. Мурдагылар церемония кылып жүргөндө эмне б.к жеп журдунор беле?
22.01.2021. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Noon,демек ошентсе боло берет Садырга да дечи жаламай
22.01.2021. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен антпейм мен минтпейм дечу эмес беле кана ант тапшырбай туруп баштады башкаларды кубалап жиберген унчукпай туруп элибиз
22.01.2021. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сен ушул созун менен бокту жеп жатасын
22.01.2021. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Өнүгүү мына ушундай майда барат иштерден башталат!
22.01.2021. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул жерде да жеп калайын деп ойлошконго 10 миң сом деп айтышса да жарашмак
22.01.2021. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Жапаров популист.
Janyl98 түзөттү 2021-01-22 12:19:44
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: