super.kg logo

"Бизде "Б" планы жок". Эл аралык олимпиада комитети "Токио-2020" олимпиадасы боюнча үн катты

 

Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти Томас Бах быйыл жайында Токиодо өтө турчу жайкы олимпиада оюндарын жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн четке какты. Бул тууралуу Бах чет элдик спорттук басылмаларга билдирген.

"Токио олимпиадасы белгиленген мөөнөттө өтпөйт деп айтууга бизде негиз жок. Ошондуктан, бизде "Б" планы жок жана биз бул оюндарды коопсуз жана ийгиликтүү өткөрүүгө толук чечкиндүүбүз.

2021-жылдын март айын 2020-жылдын март айы менен салыштырып болбойт, анткени илимде, медицинада, эмдөөдө жана тестирлөөдө бир топ жылыштар бар экендигин айткым келет. Мунун бардыгы өткөн март айында болгон эмес", - деген Бах.

Буга чейин япон өкмөтү "Токио-2020" олимпиада оюндарын коронавирустун айынан токтотуу үчүн даярданып жатышканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: