super.kg logo

Өлкөдө декабрь айында COVID-19 менен ооругандардын саны ноябрга салыштырмалуу 2,7 пайызга төмөндөгөн

 

Өлкөдө 2020-жылдын декабрында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны ноябрга салыштырмалуу 2,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча 2020-жылдын декабрында жалпы республика боюнча коронавирус инфекция (COVID-19) оорусу менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 14 миңден ашык учур катталган.

2020-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны

Бардыгы

Калктын 100 миңине

октябрь

ноябрь

декабрь

октябрь

ноябрь

декабрь

Кыргыз Республикасы

13 035

14 056

13 705

202

218

212

Баткен облусу

2 418

1 204

381

455

227

72

Жалал-Абад облусу

2 506

2 272

834

204

185

68

Ысык-Көл облусу

908

1 294

1 116

184

263

226

Нарын облусу

113

218

165

39

76

57

Ош облусу

2 508

1 335

469

185

99

35

Талас облусу

359

517

214

135

195

81

Чүй облусу

1 012

2 656

7 737

106

279

814

Бишкек шаары

2 432

3 890

2 547

234

374

245

Ош шаары

779

670

242

255

219

79

Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу катталган коронавирус инфекцияларынын санынын төмөндөгөнү республиканын Чүй облусунан башка, бардык региондорунда белгиленди. Ал эми Чүй облусунда катталган учурлардын жалпы санынын жарымынан көбүн (56 пайызын) түзүү менен алардын саны дээрлик 3 эсеге көбөйдү.

Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 2,7 пайызга төмөндөдү. Ал эми октябрь айына салыштырмалуу, тескерисинче, 5,0 пайызга көбөйдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: