ИИМ: "2020-жылдын аягында өлкөдө жол кырсыктарынын саны 8 пайызга азайган"
Өлкө аймагында жол кырсыктарынын саны 2020-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 8 пайызга азайган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өткөн жылдын 12 айында өлкө аймагында 6 миң 126 жол кырсыгы катталды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 8 пайызга аз. Каза болгондордун саны 7 пайызды жана жаракат алгандардын саны 10 жарым пайызды түзөт.
"Жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгында, жол кырсыгынын 88,3 пайызы айдоочулардын айынан болгон. Кырсыктар негизинен ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге чыгып кетүү, жолдун каршы тарабына өтүп кетүү жана мас абалында унаа айдоодон келип чыгуу себеп болгон. Балдар катышкан жол-транспорт кырсыктары 1 миң 245ти түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 24,7 пайызга аз болуп, жаракат алган балдардын саны 26,2 пайызга азайган. Балдар онлайн билим алууда жана үйдө отургандыгына карабастан, тилекке каршы, жол кырсыгына кабылган балдардын 41,9 пайызы жөө адамдар. Ал эми жол кырсыктарынан жапа чеккен балдардын калган бөлүгү транспорттун жүргүнчүлөрү болушкан", - деп жазылат маалыматта.

