СУПЕРСТАН: Мурда сүйүп жүргөн адамыңызга жолуксаңыз кандай абалда болосуз?
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мурда сүйүп жүргөн адамыңызга жолуксаңыз кандай абалда болосуз? деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен жайында кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде эс алып жүрүп, студент кезде сүйүп жүргөн адамыма капысынан жолугуп калдым. Мен 3-курста окуп жүргөндө ал кыз 1-курска жаңы тапшырган болчу. Ал кызды көрөрүм менен сүйүү дартына чалдыккам. Ал менен таанышуу жолун Кудай өзү белек кылган. Албетте түзүлгөн шартты колдон учурбай сүйүүмдү ал кызга билдирүүгө да жетишкем. Бирок "Жигитим бар, дос боюнча эле калалы" - деген сөзү дагы деле эсимде сакталуу. Мен окууну бүтүп жатканда сүйлөшүп жүргөн жигитине күйөөгө тийди. Менин болсо жүрөгүмдө жашаган акыркы ал деп жанган учкунум, ал күйөөгө тийээри менен такыр өчтү. Андан бери көп жыл өттү. Эми болсо минтип көл жээгинен ал кызга жолугуп отурам. Бактылуу болуп жашап жатканына бир чети сүйүндүм. Бир кыздуу болуп, кызы 3-4 жашка чыгып калыптыр. Кызын көрүп, балким мага жар болгондо, ушул "мама" деп чуркап жүргөн апасына окшош кыз, менин кызым болот беле деген ой тымызын жүрөктү өйкөп жатты. Айткылачы достор, силер дагы ушундай кырдаалга туш келип калсаңар эмне кылмак элеңер? Жана кандай кеңеш бере аласыңар?"
"Мурдагы сүйгөнүнө кайра жолугуу? Ал ар бир түгөйдүн кандайча ажырашканына жараша болсо керек. Бирөөлөр таарынышып, кайра бет карагыс болуп, айрымдар аргасыздан, дагы бири кокустуктан...
Мен кайра жолуккум келбейт. Бет келишсем, күлүп гана учурашып өтүп кетеримди билем, бирок.. Баарыбир жүрөгүң ооруйт"
"Эээ ким билет мен сразу айтам "Бас, чай ичебиз",- деп..."
"Кызык тема экен өткөн күндөрдү эстетип. Мен сүйгөн кыз деле турмуш куруп кеткен. Башында жаштык кылып пиво менен коньякка мас болуп, масчылыкта алып келем деген күндөр да болгон. Андан бери 2 жыл өттү, жолуга элекмин. Бирок жолуксам деп жолугушчу күндү күтүп жүрөм, кандай болоорун ошондо көрөбүз го....."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
кошулду

