super.kg logo

Карантин учурунда блокпостторго дарыгерлерди тартуу натыйжалуу болбогону айтылды

 

Өлкөдө пандемия маалында медицина кызматкерлери блокпосттордо иштөөгө тартылган. Бирок бул ыкма натыйжалуу болгон эмес дейт пандемиянын кесепеттерин иликтөө комиссиясынын мүчөсү Самат Асаналиев. Бул тууралу ал бүгүн, 22-январда өтүп жаткан комиссиянын жыйынында айтты.

"Дарыгерлердин көбү блокпосттордо иштөөгө тартылган. Бирок натыйжасы аз болгон. Блокспосттордо иштеген дарыгерлердин ишин күч органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана башка жарандар деле жасамак.

Мындан тышкары оору аныкталбаган жарандар жаткан обсервацияларга да дарыгерлерди ишке тартуу жакшы натыйжа берген эмес. Обсервацияларда жаткандардын дене табын, сатурациясын ыктыярчылар же болбосо ошол эле жайда жаткандар бири-бириникин текшере алмак", - деди.

Самат Асаналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринин салымы тууралуу эч жерде айтылбай жатканын айтып, обсерваторияда иштеп жүргөндө каза болгон Адинай Мырзабекованы эскерди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: